www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 2-мартта Бишкекте Конституциялык палатанын форуму болуп өттү. Форумда Акаевчил, Бакиевчил, Атамбаевчил аткаминерлердин башы көрүнүп, аз да болсо алдыга сөз менен кадам таштап, Кыргызстандагы учурдагы кырдаал, соттордун соройгон катачылыктары боюнча токтолду.
Аталган жыйынга, экс-президент Роза Отунбаева, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагалары, унчукпай олтуруп алып адекваттуу кагазга ороп сөз менен аткылаган Акматбек Келдибеков, анча-мынча чындыкты ачык айта албаган Абдыганы Эркебаев, хандан бектен тартынбаган Адахан Мадумаров катышса, 2-3 жылдан бери саясаттын арасынан “исчез” болуп кеткен, Бакай калпакты баса кийген Топчубек Тургуналиев, экс-премьерлер Амангелди Муралиев, Феликс Кулов, “президент болом, жүрөгүм туюп, сезимдерим айтып жатат” деп, тилекке каршы сезимдери алдап койгон Темир Сариев, Жогорку Кеңештин депутаттары Курманбек Зулушев, Жанар Акаев, Наталья Никитенко, Исхак Масалиев жана коомдук уюмдардын мүчөлөрү катышты.
Тилекке каршы, бүгүнкү жыйынга президенттик жана өкмөттүк аппараттан бийлик өкүлдөрүнө чакыруу жөнөтүлгөнү менен аталган жыйынга эч ким келип баш баккан жок. Жыйынтыгында жыйындын катышуучулары 5-мартта соттордун кесиптик майрамы күнүндө, Жогорку соттун алдында митинг боло тургандыгын айтышты. Максаты, учурдагы кимдир бирөөгө көз каранды же чөнтөк караган сотторду жолго жана жөнгө салуу. (Демек соттор кесиптик майрамында эшигинин маңдайынан "куттуктоолорун" күтө берсе болот).
Чындыгында мындай көрүнүштөр, мындай жыйындар Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан бери миңдеп өттү. Тилекке каршы, тегерек стол аяктагандан соң резолюция кабыл алынып, айтылган ачуу чындыктар кагазда саргарып кала бергени ачуу чындык...
Баса, бүгүнкү жыйындын кемчилдиги аталган форумдун 90% кыргыз саясатчылары олтурса да орус тилинде өтүп жатты. Мындай көрүнүштү Рита Карасартова, Адахан Мадумаров, Ахматбек Келдибековдор кыргыз тилинде сүйлөп, жыйындын жүрүшүн кыргыз тилине бурду.
Ошентип бүгүнкү жыйында, мурдагы президент Роза Отунбаеваны экинчи ирет бетине айтып, чындыгын чыркыраткан Адахан Мадумаров, ага кошумча Отунбаеваны тике карап кемчилигин челип сүйлөгөн Ахматбек Келдибеков, “жөн олтур, мен сүйлөп атам” деп, Бакай калпакты баса кийип, кекетип сүйлөгөн Топчубек Тургуналиев, кээде онтоп, кээде “туура айтасыңар” деген Роза Отунбаеванын, кыскасы кыскача кызыктуу маеги улантылат. Биз менен бирге болуңуздар.
Гүлжан Шерипбаева, NazarNews.kg