www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын ички карызы өсүп, жаңы рекорд жаратты

Акыркы маалыматтарга таянсак (июнь), Кыргызстандын ички карызы 64 миллиард 472,9 миллион сомго жетип, рекорддук көрсөткүчтү жаратты. Мындай жыйынтыкка Экономика жана финансы министрлигинин маалыматтарын карап чыккандан кийин келүүгө болот.

Аталган ведомствонун сайтына 1992-жылдан берки ички мамлекеттик карыз туурасында маалыматтар жарыяланган. Төмөндө анын кантип өскөнүн көрүүгө болот.

1992 — 180,9 миллион сом;

1993 — 1 миллиарддан ашкан;

1996 — 5 миллиарддан ашып, андан соң өйдө-ылдый болуп жатып, бирок жылдын соңунда көбөйө баштаган;

2009 — 8 миллиарддан ашкан;

2011 — 12 миллиарддан көбөйгөн;

2016 — 22 миллиарддан ашып кеткен;

2017 — 30 миллиарддан өйдө чыга баштаган;

2018 — 44 миллиардды чапчыган;

2019 — 51 миллиарддан арбын болгон;

2020— 58 миллиард сомдон да көбөйгөн.

Быйыл карыз ар бир айда улам көбөйүп, рекорд коюп жүрүп отурду (апрелди кошпойбуз, себеби анда 235 миллионго түшкөн). Өткөн рекорд май айында коюлуп, 64 миллиард 205 миллион болгон.

Мамлекеттик карыз сырткы жана ички карыздан турат. Акыркысы баалуу кагаздарды басып чыгаруудан куралат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости