www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун тапшырмасы менен Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси К. Султандын  билдирүүсүндө айтылган фактыларды, ошондой эле Тышкы иштер министрлигинин аны кызматтан бошотуу тууралуу сунушунун жүйөлөрүн  изилдеп чыкты.

Коопсуздук Кеңешинин катчылыгы  текшерүүнүн жыйынтыктарын Кыргыз Республикасынын  Президентиин кароосуна 2018-жылдын 10-октябрында киргизди.

Текшерүү аныктагандай,  Элчинин билдирүүсүндө жана КР ТИМинин жүйөлөрүндө жана ЖМК чагылдырылган Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин системасындагы бузуулар фактысы орун алгандыгы ырас жана алар  тиешелүү мамлекеттик органдардан алынган кошумча материалдары менен ырасталат.

Тышкы иштер министрлигиндеги бузуулар тууралуу маалыматты  алдын ала текшерүү өлкөнүн тышкы саясий ведомствосундагы   олуттуу  көйгөйлөрдүн бирин — ТИМдин системасында  так кадрдык  саясат  жок экендигин, ошондон улам мунун кесепети катары мезгил мезгили   министрликтен «кызматтык» мүнөздөгү маалыматтар жана документтер жарыкка чыгып кетип жаткандыгын көрсөттү.

Кадрларды тандоодо  жана жайгаштырууда КР ТИМинин жетекчилигинин олуттуу кемчиликтери аныкталгандыгын, ошондой эле  тышкы иштер министрлиги  кызматкерлери тарабынан кетирилген мыйзам бузууларына жетишээрлик обьективдүү реакция жасабагандыгын белгилеп коюу зарыл.

Текшерүү Элчи К.Султан Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы жана Корея Республикасындагы дипломатиялык миссияны жетектеп турган мезгилдеги кемчиликтердин жана бузуулардын фактыларын  аныктады.

Кыргызстандын Малайзиядагы Элчилигинде жашыруундуулук режимин камсыз кылуу инструкциясы орой бузулгандыгы аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчилигинде өндүрүштүк практика өтүү үчүн Кыргызстандын жарандарын ТИМ макулдугу жок кабыл алышы жашыруундуулук режимин бузуу болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы Элчиси кызматынан бошотулгандан кийин К.Султан жана анын үй-бүлө мүчөлөрү  Малайзиянын ТИМине 2019-жылдын февралына чейин жарактуу болгон  «аккредитациялык карточкасын» өткөрүп бербегендиги дагы белгиленген тартипти бузуу болуп эсептелет.

2018-жылдын февраль айында К.Султан «Фейсбук» социалдык тармагындагы жеке баракчасында жана дагы бир веб-сайтта Тышкы иштер министрлиги менен Элчиликтин кат жазышуусун жайгаштырып, ал тургай ТИМ Элчиликке  тапшырмасынын фотокөчүрмөсүн кошо тиркеген. Мунун өзү  мамлекеттик кызматтагы расмий документтер менен иштөөдөгү иш ченемдерин бузуу жана жол бергис иш болуп саналат. 

Элчи К. Султан Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин көзүн будамайлап,  резиденцияда жашабай, узак убакыт мейманканага жайгашкан. Бул финансылык бузуу болуп саналат. Кыргызстандын  Кореядагы Элчиси кезинде К. Султан КР ТИМи менен макулдашпай туруп, Малайзияга жеке иштери менен каттаган. 

«Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызмат жөнүндө» мыйзамга ылайык, Кыргыз Республикасынын чет элдеги мекемесинин кызматкери жолдошу менен узак убакытка чет мамлекетте иш сапарларда болсо, анын бир айлык акысынын 30 пайыздык ченеминдеги акчалай каражат айлыгына кошумча  төлөнөт.  Текшерүүнүн жүрүшүндө К. Султандын жубайынын Кореяда Элчи менен чогуу жашагандыгын тастыктоочу документтер алынган эмес.  

Буга карабастан КР ТИМи  2018-жылы Элчинин жубайын кармоосу үчүн 6,5 миң доллардан ашык өлчөмдөгү каражатты негизсиз төлөп берген. 

Мындан тышкары КР Юстиция министрлигинин маалыматы боюнча К. Султан мамлекеттик кызматта иштеп туруп, бир эле учурда «Супер», «Супер кроссворддор», «Супер сканворддор» гезиттери чарбалык субьектилеринин жетекчиси болгон. 

Тышкы иштер министрлигиндеги, ошондой эле К. Султандын Кыргыз Республикасынын Корея Республикасындагы жана Малайзиядагы  дипломатиялык миссиянын башчысы болуп иштеген маалындагы аныкталган бузуулар фактылары боюнча материалдар карап чыгып, укуктук баа берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасына жөнөтүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости