www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 22-24-октябрда Россияга иш сапары менен барат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, иш сапардын алкагында министр Казакбаев менен Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровдун ортосунда эки тараптуу жолугушуусу пландаштырылган.

Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-орус кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдөгү актуалдуу маселелерди талкуулоо пландалууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости