www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңеш президент кызматтан кеткенден кийин 7 күн ичинде президенттик шайлоону өткөрүү күнүн белгилебесе, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Өмүрбек Текебаев билдирди.

“Шайлоо күнү белгиленбей калса, сегизинчи күнү шайлоо күнү автоматтык түрдө белгиленет. Бүгүн биз талашып кетип калсак, эртең БШК өз ишин баштаганы турат. Бул маселени чече албаганыбыз үчүн биз депутаттар уят болобуз”, - деди ал.

Текебаевдин айтымында, депутаттар учурда маанилүү болуп жаткан 3-4 маселени карап чыгып, андан кийин тарап кетиши керек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости