www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын волейбол боюнча улуттук курама командасы бүгүн 2019-жылдын Борбордук зонасындагы командалар арасында Азия чемпиондугунун финалына чыкты. Турнир Непалдын борбору Катманду шаарында өтүп жатат.

22-августта жарым финалда биздин кураманын оюнчулары бул зонанын учурдагы чемпиону Түркмөнстандын курамасы менен беттешип, 3 сетте тең жеңишке жетишти.

Эске салсак, Кыргызстандын курама командасы тайпалык баскычта Непал менен Мальдив аралдарынын курама командаларын уткан. Эми финалдык беттеш 24-августта болмокчу. Анда курама командабыз Мальдив аралдары менен Өзбекстан беттешинин жеңүүчүсү менен беттешмекчи. Волейбол боюнча курама командабызга ийгилик гана каалайбыз!

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости