www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын жарандары 2010 – 2018-жылга чейин 17 609 чет элдиктер менен никеге турушкан. Бул тууралуу Мамлекеттик миграция кызматынын төрагасы Болотбек Ибраимжанов Өкмөттүн жыйынында билдирди.

"Россия жарандары менен – 6744 нике, Өзбекстан жарандары менен – 5024, Казакстан жарандары менен – 1682 жана Тажикстан жарандары менен – 1495 нике түзүлгөн. Түркиянын жарандары менен көрсөтүлгөн мезгилде 604, Корея – 472, Ооганстан – 35, Пакистан – 66 жана Кытая жарандары менен – 60 нике түзүлгөн", - деп белгиледи Ибраимжанов.

Ибраимжанов кошумчалагандай, акыркы беш жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын жарандыгын 24 384 чет элдик жаран алса, анын ичинен 19 885 адам – этникалык кыргыздар болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости