www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 1-июнга караган түнү Бишкек шаарында Орхан Инанды дайынсыз жоголду. Учурда издөө иштери жүрүүдө.

Орхан Инанды – «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин 4 негиздөөчүсүнүн бири. Аталган мекемени 2001-жылдан бери жетектеп келет.

Кыргызстандын жарандыгын алган.

2000-жылы Кыргызстандын билим берүү системасына кошкон салымы үчүн «Билим берүүнүн отличниги» наамы, 2002-жылы Кыргыз Республикасынын ардак грамотасы, 2003-жылы Мугалимдердин кесиптик майрамына карата «Даңк» медалы менен сыйланган.

«Сапат» мекемеси 2017-жылга чейин «Себат» деп аталып келген. Бүгүнкүгө чейин түркиялык дин аалымы Фетхуллах Гүлендин эл аралык билим берүү мектептеринин катарына кирет.

Кыргызстанда «Сапат» билим берүү мекемесинин курамында 15 лицей, университет жана башка мекемелер бар.

Түркиянын учурдагы бийлигинин божомолунда, Гүлен жана анын тарапташтары 2016-жылы 15-июлда аскердик төңкөрүш уюштурууга аракеттенишкен. Бирок Гүлендин тарапташтары бул билдирүүнү төгүндөп келишет.

Айрым өлкөлөрдө Гүлендин мектептери жабылган. Буга чейин Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев Түркия бийлигинин «Себат» лицейлерин жабуу жөнүндө өтүнүчүн ачык түрдө четке каккан.

2019-жылы 12-майда Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Фырат Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы уюштурган ооз ачууда чыр чыгарган. Себеби ооз ачууга Орхан Инанды дагы чакырылган. Женгиз Фырат аны менен стол үстүндө бирге отуруудан баш тарткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости