www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ысык-Көлдөгү мамлекеттик пансионаттар менчиктештирилбейт. Бул тууралуу маалымат жыйынында Кыргызстандын мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасы Мирлан Бакиров билдирди.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө Ысык-Көлдүн жээгинде 4 пансионат бар, алар мурда Өзбекстанга таандык болчу.
«Аврора» пансионаты президенттин иш башкармалыгынын карамагына өткөн. Жогорку Кеңешке караштуу «Алтын-Көл», Маданият министрлигине караштуу «Витязь» пансионаттары бар. Биз иштин оң-терс жагын карап көрөбүз. Айрымдары өздөрүнүн мүмкүнчүлүгүнө жараша даярдыктарды жүргүзүшөт. Айрымдарында таштанды чыгаруучу эң жөнөкөй техника жок, имараттар талкаланууда», - деди ал.
Муну менен катар Бакиров Ысык-Көлдөгү мамлекеттик мүлктү менчиктештирбей эле койгон оң деп белгиледи.
«Азырынча аларды менчиктештирүү жөнүндө кеп жок. Ал жакта ишенимдүү башкаруу же аутсорсинг болушу мүмкүн», - деди ММБФ башчысы.
Булак: NazarNews.kg