www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанга 1 млн сомго роутерлер алынды

16-сентябрда ЖӨБЭММА директору Бахтияр Салиев жана элчи  ЕККУнун Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Пьер фон Аркс менен болгон сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында 1,1 млн сомдук суммасындагы 266 роутердин акыркы партиясы республиканын төрт облусуна тапшырылды. Бул тууралуу ЖӨБЭММАнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Учурда планга ылайык, республиканын бардык жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын "Санарип аймак" автоматташтырылган маалымат тутумуна, "Инфодокс" - электрондук документ жүгүртүү тутумуна жана "E-Кызмат" - адам ресурстарын башкаруу тутумуна туташтыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тутумдарды киргизүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга жана бюрократиялык тоскоолдуктарды азайтууга багытталган.

Мындай колдоо бүткүл республика боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн санариптештирүүгө көмөктөшүп, натыйжада жергиликтүү калк муниципалдык жана мамлекеттик кызматтарды алуусунда жеңилдиктер камсыздалынат. Ошондой эле коронавирус илдетине байланыштуу мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер аралыктан иштөөгө да мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости