www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орус-казак чек арасында миңдеген мигрант топтолуп турат

Орусиянын Самара облусунун орус-казак чек арасына жакын жеринде мекенине кайтууну каалаган Өзбекстандын 4 282 жараны топтолуп турат. Бул тууралуу облустук өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстандын бийлиги 12-14-сентябрь күндөрү бул аймактан поезд менен 1,6 миң жаранын мекенине алып кеткен. Кийинки поезд 19-сентябрда келет деп күтүлүүдө.

Маалыматтарга караганда, май айынан бери Самара облусунан Өзбекстандын 8,5 миң жараны мекенине жеткирилди.

Ал ортодо Кыргызстандын Орусиядагы элчиси Аликбек Жекшенкулов орус-казак чек арасында топтолгон жана Орусиянын аймактарынан чек араны көздөй бараткан кыргызстандыктар 3300гө жеткенин билдирди.

Элчинин эсебинде ара жолдо калгандар Оренбург жана Самара облустарында жана Башкыртстан Республикасынын аймагында топтолгон.

«Сүйлөшүп жатабыз. Чек ара качан ачылары жөнүндө Казакстан жооп бере элек», – деди Жекшенкулов.

Топтолуп турган эл күн сайын кыргыз бийлигине кайрылып, маселени чечүүнү өтүнүп жатышат.

«Элди кыйнап бүттүңөр. Бул жакта ооруган адамдар да бар. Талаада жатканыбызга 20 күн болду. Акыркысы 26сында кетишти, биз жетишпей калдык. Жатабыз бул жерде», – деди кайрылган мигранттардын бири.

Коронавирус пандемиясына байланыштуу жабылган чек арасын Казакстан ача элек.

Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, пандемия башталгандан бери дүйнөнүн 40тан ашуун өлкөсүнөн 25 миңден ашык кыргызстандык чартердик учактар жана автобустар менен мекенине жеткирилген. Алардын басымдуу бөлүгү – Орусиянын ар кайсы аймактарында иштеп жана окуп жүргөндөр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости