www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия өлкөгө кирүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү

Россиянын өкмөтү чет өлкөлүк жарандар үчүн өлкөгө кирүү жол-жобосун жөнөкөйлөштүрдү. Бул тууралуу россиялык ММКлар жазып чыкты.

Премьер-министр Михаил Мишустин өкмөттүн жыйынында айткандай, Россиянын жарандыгын алган адамдын жакын туугандары визаны жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат.

“Биз жарандарыбыздын башка жарандыгы бар жакын туугандарына – жубайлар, ата-энелер, балдар, бир туугандар, чоң ата, чоң энелер, неберелер үчүн жөнөкөй жеке виза берүү жана Россияда жүрүү жол-жобосун жөнөкөйлөтөбүз” – деди премьер-минист.

Ал бул үчүн Россиядан чыгуу жана өлкөгө кирүү тартиби жөнүндө мыйзамга бир катар өзгөртүүлөр киргизилерин белгиледи.

“Жарандардын туугандары бир жылга чейинки мөөнөткө иштей турган узак мөөнөттүү жеке виза алуу үчүн кайрыла алышат жана визаны жөнөкөй жазуу жүзүндөгү арыздын негизинде алууга мүмкүн болот” – деп түшүндүрдү өкмөт башчы.

Мындан тышкары, виза алуу укугун сактап калуу үчүн 3 ай сайын Россиядан чыгып кайра кирүүнү талап кылган эреже мыйзамдан алып салынарын кошумчалады.

Последние новости