Дарыларды кымбаттаткандар дарбып депутатка талапкер болуп жүрүшөт
Кыска-нуска  |   |  2352

Кыргызстандагы ири фарм компанияларга экс-министрлер Дамира Ниязалиева жана Космосбек Чолпонбаевдер ээлик кылышат. Учурда элибиздин башына мүшкүл түшүп, атың өчкүр күчөп турганда керектүү дары-дармектерди кымбаттатып ийгендерин кандай түшүнсөк болот? Депутатка талапкер Космосбек Чолпонбаев финполицияда тергөөгө алынды, Дамира Ниязалиева болсо чалчактап талапкер болуп жүрөт.

Убактылуу Өкмөт учурунда Саламаттыкты сактоо министри катары элди дарылабаса да дарыканасын (аптекасын) көктөтүп алды. Кыргызстан боюнча эки жүздөн ашуун дары-дармек жаатында ишканалар болсо, учурда негизинен 20-30 гана компания дарыларды сатып рынокту көзөмөлдөөдө. Ал эми ал 30 компания өз кезегинде, болгону бир ууч 6-7 адамдын эле карамагына таандык. Ниязалиева, Акжолтоев, Эсенбеков, Садырбеков, Чолпонбаев, Чумаева, Турдубаев, Шакиров жана башка аптеканын кожоюндары эл мүдөөсүн эске алып, сатыктагы дары-дармектердин баасын төмөндөтүп арзаныраак сатышса, калктын кыжырына тийбей, батасын алышат эле. Буларды ким контролдойт, министрдин орун басары Каратаев Мадемин кара талааны карап жатабы? Баса, ал Ниязалиеванын учурунда деле орун басары болсо керек. Бир ууч шылуундардын кыймылын контролго ала турган расмий орган Саламаттыкты сактоо министрлигинин алдындагы Дары менен камсыз кылчу департамент (ДЛО -департамент лекарственного обеспечения) талкан сугунгандай эле кырдаалды өз көзөмөлүнөн чыгарып коюшту. Баягы эле жок болгус коррупция. Уруксат кагаздарын берген орган ала тургандарын алып, кекиртегинен тоголотуп жибергенден кийин, кантип кайра көзөмөл жүргүзөт эле?

Булардын анын ичинде Дамира Ниязалиеванын аптека түйүндөрүндө дары-дармектер кымбат сатылып, капчыгы “капитальный” кампайып алды. Дамира Ниязалиеванын аптекаларында дарылар асманды чапчып турат. Коронавирустан карапайым эл кыйналып, жаны жер тартып, ооруп, кара жаны каржалып турат. Капчыгында сокур тыйыны жок, жалдырап караганы мамлекеттик гумжардам болуп турганда, мамлекетибиз мамлекеттей болуп толук кандуу элин колдоп кете албай, мажүрөөлүккө белинен батып, колдон келген чараларын тыңгылыктуу ишке ашыра албай турган учурда элдин убалы кимге?

Көптөгөн дарыканаларда пневмониядан дарыланыш үчүн дарылар жок. Бир нече күн мурунку дарылардын ракеталык тездик менен көтөрүлүшүнөн улам, өкмөт тарабынан дарыларды жөнгө салып туруу үчүн тиешелүү мыйзамдар кабыл алынды. Өкмөт жетекчилеринин айтымында фармкомпаниянын өкүлдөрү бааны өздөрү жөнгө салабыз дегендиктен, азырынча бул мыйзамдар ишке аша элек. Эгерде алар ал-ахыбалды жөнгө салышпаса жакында бул мыйзам күчүнө кирет экен.

Финполиция дарылардын баасын асмандатканы үчүн 3 фармкомпаниянын үстүнөн кылмыш ишин козгогону да белгилүү болду. Инфекциялар, вирустар, психикалык дарттар ылдамдык менен өсүп, фармөнөр жайына эбегейсиз кирешелерди алып келип жатат. Батышта Gream farm (фармацевтик индустрия) күч алган. Gream farm элди ойлоп да коюшпайт, булар фармацевтикалык күчтүү ири ишканалардын  башын кошуп алышкан, булардын башкы максаты элге жардам берүү эмес, дарылардын эсебинен баюу. Ошондуктан Gream farmды фармацевтикалык индустрия эмес, фармацевтикалык мафия деп атай баштады. GlaxoSmithKline (GSK)  аттуу англиянын фармакологиялык компаниясы бар. 1999-жылдан 2006-жылга чейин бул компаниянын өнүктүрүү департаментинин жетекчиси Тачи Ямада Гейтстин фондусуна өтүп. Эл аралык саламаттыкты сактоо  программасынын президенти болгон. Көрсө, ал фармакологиялык компаниясында жасаган диабетиктерге каршы дарысы жүрөккө жаман таасир берет экен.Ушул дарыларды колдонушкан 83 миң адам инфаркт оорусуна чалдыгышканын Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо коому иликтеп чыгышкан. Ушуларды туурап биздин фармкомпаниялар да дарыларды кымбаттатып жатышат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Поделитесь с друзьями