www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Мекеним Кыргызстан" партиясынан депутатыкка талапкер Гулшар Култаева жалпы кыргызстандыктарга Кайрылуу жасады.

Урматтуу мекендештер, жердештер! ...

Өзгөрүүгө мезгил келди. Өзгөрүүнү өзүбүздөн баштайлы. Биз өзгөрбөйүн коом өзгөрбөйт. Бир катар мисал келтире кетейин. Мен ишиме байланыштуу чет өлкөгө көп чыгам. АКШда уулум билип алып жүргөн учурда бардым мен да АКШга. Чыныгы демократия орногон мамлекет экен. Ал жакта адамдар өзгөрүүнү өздөрүнөн баштаган. Адамдар уникалдуу. Уникалдуу ашпозчу, уникалдуу таксист, уникалдуу ишкер, уникалдуу илимпоздорду Америкадан гана жолуктурасын. Мисалы жаздан бери дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө адамдар асманда катар тизилген жылдыз сыяктуу нерселерге күбө болушту. Ар ким ар кандай божомолдоду. Ал чындыгында белгилүү ишкер, уникалдуу адам Илон Масктын “SpaceX” компаниясы учурган 60 спутник болчу. Ал адам спутник туризмин ишке ашыруу аракетинде. Эми каалоочулар космоско илим изилдөө эмес, эс алуу үчүн уча баштайт. Анткени глобалдашуу заманы, санариптешүү заманы, интернеттин заманы ушуга алып баратат! Учурда адамдар электромобилдер менен жүрүп калды башка өнүккөн өлкөлөрдө. Ал да уникалдуу Илон Масктын проектеринин бири. Айтайын дегеним бизге да өзгөрүүгө мезгил келди. "Мекеним Кыргызстан" партиясы дал ушул өзгөрүүлөрдү кылууга чечкиндүү кадам таштай ала турчу мыкты команда.

Урматтуу жердештер. Биз да уникалдуу партияларды тандайлы. Туура чечим чыгарып татыктуу талапкерлерди шайлайлы. Келечек биздин балдардыкы, неберелердики. Демек өзгөрүүгө мезгил келди. Өлкөнүн өзгөрүүсү ушундан башталат.

Урматым менен мен "Мекеним Кыргызстан" партиясынан талапкер Гулшар Култаева.

Парламенттик шайлоо ачык жана таза өтүүсүн колдойбуз. Мекеним Кыргызстан – ар бир кыргызстандыктын партиясы!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости