www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров Кыргызстандын Орусиядагы мурдагы элчиси Раимкул Аттокуровдун экс-элчи макамынан ажыратууну талап кылып акцияга чыкты.

Токтонасыров 17-сентябрда талабы жазылган плакатты көтөрүп, Тышкы иштер министрлигинин алдында турду.

«Аттокуров экс-элчи макамынан жана ага тиешелүү бардык жеңилдиктеринен ажыратылышы керек. Аны «персона нон-грата» деп жарыялоону да талап кылам», -деди Токтонасыров.

Бегилей кетсек, Раимкул Аттокуровдун орус басылмаларынын бирине «Кыргызстанда Орусиянын курамына кирүү маселеси талкууланып жатат» деп айтканы жарыяланган.

Буга карата коомчулукта ача пикир жаралып, экс-элчинин мындай сөзү «өз өлкөсүнө жасаган чыккынчылык», «чагымчылдык» деген сынга кабылып, кызуу талкууланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости