www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ошто мыйзамсыз жети тонна күрүч ташып келе жаткан жаран кармалды. Бул туралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы маалымдады.

Анын айтымында, ЕАЭБтин бажы аймагына товарларды жана транспорт каражаттарын мыйзамсыз ташып кирүү фактыларын табуу жана аларга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаранын жыйынтыгында, «Ыкчам» бажысынын кызматкерлери тарабынан Ош облусунда кыргыз жараны А.Б.Мнын башкаруусундагы «Камаз» үлгүсүндөгү таранспорт токтотулуп текшерилген.

Жогоруда көрсөтүлгөн транспорт каражатынын жүк бөлүгүн текшерген учурда Кыргызстан менен чектеш мамлекеттен мыйзамсыз ташылып келе жаткан жалпы салмагы 7 миң килограмм ак күрүч табылган.

Кармалган товардын баасы 735 миң сомду түзөт.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, териштирүү иштери башталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости