www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкектин четинде Ала-Арча айыл аймагына кирген Мраморное деген айыл бар. Азыр деле ошондой аталабы, билбейм. Мраморное – бул ошол аймакта көп өстүрүлгөн “мраморный” деп аталган дарбыздын сортунан улам коюлуп калган экен. Чүйдүн күнөсүн кучактап, май топурак талаага да, жер жемиштүү токойго да, көлмө менен сууларга да бай, керемет аймак. Университетке окууга эми өткөн жайда ошол жерге бардык, “сельхозкага”. Жатагыбыз - токойго көмүлгөн, бир нече узун имараттар салынган, чоң ашканасы, короосу бар кенен лагерь.

Баса, ошондо 31-август күнү айыл өкмөтү катарлап кой союп, дасторкон жасап, майрам уюштурган эле. Көрсө, анткени, 1992-жыл ошол 31-август Кыргызстандын Эгемендик Күнү деп алгачкы ирет белгиленип, алгачкы ирет жалпы калайык аркылуу майрамдалган эле. Дегеле, Кыргызстандын негизги жалпы Улуттук Майрамдары, даталуу күндөрүнүн жаралышы биздин студентчилик күндөргө туш болду…Мраморное. Тергенибиз алма, дарбыз, анделек, пияз. Тизилип алып барабыз жумушка, тизилип алып келебиз жумуштан, автобус менен. Кээде бирин-экин жөө калып жөө келгендер болуп калчу. Алар мага Данияр менен Жамилянын караанындай табышмактуу көрүнөөр эле. Ал жолдор, ошол короо, ошол токой, талаалар турган турушу менен романтика менен жаштыкка көмүлүп турчу. Бассаң да, кармасаң да андагы ар бир жалбырактан жаштык деп коңгуроолор кагылып турчу. Ошол үн, ошол жыт, ошол аптап, ошол закымдар рентген сымал жүрөктө калды катылып. Жатакана-лагерди көздөй бир күнү кечте алмадан эки бала кеч чыктык. Автобус каттаган сонун асфальт жол бар эле. Эки баштык алма көтөрүп ошол жолдо келаттык. Ал – Калмурат болчу.

-Ак-Талаадансыңбы?

-Мен дагы. Кош-Дөбөдөн.

-А мен Жаңы-Тилектен.

“Аа” дешкенбиз. Жакшы деп. Көздөрүбүздү, бири-бирибизди карашып койгонбуз. Эмнегедир бир нерсеге толкундап, сүйүнүп. Анын себеби – баары жаңы болчу, мен ага, ал мага, алма теребиз деп келген жер, мобу жол баары бизге жаңы эле, тигил жакта “жер жайнаган” курдаштар, жапжаңы курбу достор, биз эми жакын болобуз, биз эми ынак болобуз деген күлүк ойлор, бизди чыдамы кетип күтүп турган ар бир сааттар, күндөр, айлар анан да табышмактуу жылдар… Ошентип экөөбүз бакка чөмүлгөн асфальт жол менен келаттык. Алма жейбиз. Улам боорго сүртүп коюп же көйнөктүн этегине аарчып коюп. Экөөбүз тең алма бышпаган Ак-Талаадан болсок анан кантели… “Буга чейин эмне кылдың? Мектепти качан бүттүң? Канча бир туугансың? Айылда үйдө ким бар? Атаңбы…? Аа мен да көрбөй калгам атамды. Ээ?!!! Мени да апам жалгыз чоңойтту! Бу жагынан тагдырыбыз окшош экен…”

Көрсө, кайран Калмурат экөөбүздүн тагдырыбыз окшош эле эмес, качандыр бир кезде атылган октой кесилишкен, бир тагдыр экен да! Мен аны кеч билдим. Өтө кеч! Бир факультетке, бир группага кошулушкан ошол күндөн туура 8 жыл өтпөй ошондогу арык, кичинекей, өзүмө окшоп көзүн жүлжүйткөн, кара тору Калмурат. Каке көз жумуп, андан бери ондон ашык жылдар өтүп, кечээ эле 2017-жылдын жайында гана капысынан Ак-Талаанын Жеңиш деген айылында бир эженин үйүндө олтуруп укпадымбы. Билбедимби! Биздин “жаман” тагдыр эмне болуп жупташканын, кандай болуп кайчылаш болгонун. Жаңы таанышкан ошол күндөрдүн бири бөлмөнүн шыбын тиктеп жатып “Ак-Талаалык, фамилиясы Рыскулов! экен…” деп бир тетири ойду ойлой калып кайра бат эле бир ирмемде эле аны “болбогон кеп..! деп аны кайра унутуп койгом. Жууткум келбей. Ошол ошо бойдон андай ой жадыма бир ирмем да келген эмес! Ошондон 25 жыл өткөнчө!

На изображении может находиться: 1 человек

Бүгүн, капилет илгери-и жарык көргөн ушул макала-эскермеми көрүп калып, компьютердин мониторун тиктегенче кино сымал көп элестер чууруп өттү. Мен үчүн бир закымча мезгил өттү. А сага кандай өтөт убакыт! Санайсыңбы? Же чексиздикке кереги жокпу санактын? Балким сенден бир айырмабыз - биз дале сагынабыз, күтөбүз жан бирге, жакындарды. Ошол күздө жазганымдай: Андан бери көп ышкындар куурады. Ак баш болду. Бир кезде экөөбүз үзгөн Ак-Мойноктун ышкындары. Тирүү болгон соң менде али максаттар бар: Талант менен Тагдырларды жазыш деген! Демек экөөбүз дагы эстешебиз. Сүйлөшөбүз, достукту даңктап, өнөрдү баалап, ал эми тагдыр менен эзелки күндөрдү айтып кечиришебиз, качанкы ага-тууган айыптарын! Аңгыча мезгил токтобос. Кыштан кышка, жаздан жазга күндөр жылаар. Кайрадан жер жарып, кымыздык менен ышкындар чыгаар тоолорго. Үзүлбөсө ак баш болуп, буурул чач мезгилге окшоп, ыргалып тоонун желине…

Автор: Жеңишбек Эдигеев

Булак: NazarNews.kg

Последние новости