www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Белгилүү алып баруучу Назира Айтбекова айт күнү чоң атасына куран окутуп келгенин айтты.

“Айт күнү Кара талаага Айтта төрөлгөн Айтбек чоң атама Айтбековдор барып, Куран окудук. Ортодо отурган да тууганыбыз Айтбек байке. Сүрөткө да тартып жаткан операторум Айтбек байке. Айтыңар маарек болсун! Айтка туш болот деп ойлобоптурмун.

Көптөн бери көкүрөктө жүргөн кыялым аткарылды. Бабаларым баскан жерге барып, бабаларыма Куран түшүрүү оюмда жүргөн. Болгондо да ата - бала ээрчишип алып бардык. Бул тегимди издөө. Тамырымды билүү. Туугандарым жети атам жазылган Санжыра китебин белек кылды. Жети атаңды таптың дегендей белги өзүнчө. Тамырың бекемделмейин бактың бийик өсүшү арсар. Жети атамды, тарыхымды, таржымалымды билсем эле бары жакшы болчудай сезим келди. Көкүрөгүм тынчтык бербей, чуркатты. Убакыт аздай, жетишпей калчудай чуркадым. Миссиям аткарылган сыңары жеңилдеп калдым кадимкидей”,-деп Назира Айтбекова билдирүү жазып чыкты.

 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 
 

Айт күнү Кара талаага Айтта төрөлгөн Айтбек чоң атама Айтбековдор барып, Куран окудук. Ортодо отурган да тууганыбыз Айтбек байке. Сүрөткө да тартып жаткан операторум Айтбек байке. Айтыңар маарек болсун! Айтка туш болот деп ойлобоптурмун. Көптөн бери көкүрөктө жүргөн кыялым аткарылды. Бабаларым баскан жерге барып, бабаларыма Куран түшүрүү оюмда жүргөн. Болгондо да ата - бала ээрчишип алып бардык. Бул тегимди издөө. Тамырымды билүү. Туугандарым жети атам жазылган Санжыра китебин белек кылды. Жети атаңды таптың дегендей белги өзүнчө. Тамырың бекемделмейин бактын бийик өсүшү арсар. Жети атамды, тарыхымды, таржымалымды билсем эле бары жакшы болчудай сезим келди. Көкүрөгүм тынчтык бербей, чуркатты. Убакыт аздай, жетишпей калчудай чуркадым. Миссиям аткарылган сыңары жеңилдеп калдым кадимкидей. #жөнэлеойлор

Публикация от Nazira Aytbekova (@naziraaytbekova)

Эске сала кестек, буга чейин алып баруучу 22 жылдан бери көрбөгөн атасын издеп барып, ал менен жолугушканын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости