www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги эркин журналист Манас Осмон менен коомчулуктун көңүл борборуна айланган айрым маселелербоюнча баарлаштык.

- Манас мырза, коомчулукта апаатта карапайым калктын өмүрүн сактап, өздөрүн тобокелге салган ыктыярчылар депутаттыкты көздөп ыктыярчы болуптур деген пикирлер арбын болууда. Буга не дейсиз?

- Демократиялык коомдо ар ким депутат болуу укугуна ээ. Менимче, коомдун кайсы катмары депутаттыкка аттанса, аларга эч ким каршы болбойт. Депутаттардын жакшы же, жаманы парламентте иргелет.

- Элдин ыктыярчыларга болгон ишеними алардын депутат болуу дымагын ойготтубу?

- Пандемия учурунда айрым ыктыярчылардын депутат болуу арзуусу ойгонду. Айрымдарын партиялар колдонду. Ошон үчүн  ыктыярчыларга элдин ишеними ойгонду деп  бир жактуу айтууга болбойт.

- Эмне үчүн ыктыярчыларга элдин ишеними ойгонду деп айтууга болбойт?

- Элдин ишеними ойгонгонго эч кандай шарт түзүлгөн жок. Анткени, бизде саясий аң сезим калыптана элек. Ал эми биздей жарды мамлекеттерде шайлоо-элдин ишенимине жана аракетине көз каранды эмес.

- Социалдык тармактарда “депутаттар артист болгонун көрдүңөр, эми артисттер депутат болбой эле койгулачы. Биз оокат кылабызбы же концерт көрүп эле отурабызбы?”- деген пикирлер да жайнай баштады. Буга не дейсиз?

- Бизде саясий маданият калыптанган эмес. Ар ким өзүн бардык нерсеге жарактуу сезет. Негизи эле бизде эстрада жанрынын көп өкүлдөрү билимсиз, түркөй. Чыгармачылыгында өсүш жок. Сербеңдеп, эки ыр ырдаса эле депутат болгусу келет. Андыктан, учурдагы саясий талкууга биздей өнүкпөгөн коомдун да күнөөсү бар.

- Айтмакчы, быйылкы парламенттик шайлоону топ жарган күлүгү жок шайлоо болот деп болжоп  жатышат. Бу сапар шайлоо биз күткөндөн, талапкерлер ойлогондон башкача  болобу?

- Аны мезгил, убакыт көрсөтөт. Бирок, мурдагы парламенттен айырмасы болбойт. Шайлоону өткөрүү жоопкерчилиги БШКга жүктөлгөн.

Шайлоодо добушун  саткандарды  жоопкерчилигин караган мыйзам күчүнө кирди.  Бул мыйзам шайлоонун таза өтүшүн камсыздай алабы?

- Менимче, ал мыйзам шайлоонун таза өтүшүнө шарт түзө албайт. Мыйзам чыкканы менен шайлоочунун саясий маданияты ага калыптана элек.

БШКнын партиялардын каражатын көзмөлдөгөн жоболору ашыкча акча чачууну токтото алабы?

- Менимче, токтото албайт. Азыркы кезге чейин айрым партиялар жетиштүү деңгээлде каражат чачып, даярдыгын катуу жүргүзүп койду го...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости