www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Замана кандай кары, кандай керең,
Закымдап учкан сайын түбү терең.
Кыргызстан өлкөсүнө бийлик издеп,
Куйручук Бишкек жакка келет экен.
Кыргызстанды кыңк эткизбей башкарууга,
Баш болуп Кыргызстанга жаш, карыга.
Ишенген өз күчүнө «талапкерлер»
Келсин деп өзүн-өзү сындатууга.
АШАкең президентке «дед» карап-карап,
Кеп жебес президенттерди бирден санап.
Эскерип Масалиевди «самоотвод» деп,
Тизмеден өзүн-өзү чийип салат.
Сынга эч толбоймун деп жүрөк даабай,
Келе албай турган экен ажо далай.
Шарт эле жөнөйт экен угар менен,
Бабанов таланты зор, заади малай.
Куйручук сынчы сынап минтип айтат,
Жүрөгү арстандан кайра тартпайт.
Колу ачык, жоомарт экен чачып элге,
Жүргөнү манаптардай дайым шарт-шарт.
А БИРОК… кошомат чоң илдет экен,
Калп-чынды кошуп кээде ийлейт экен.
Чокчоңдоп кол алдында тургандарга,
Путинди көрсө эле бийлейт экен.
Куйручук байкап аны жактырбаптыр,
Бийликке Бабановду чакырбаптыр.
Манаптан киши жокпу эл-журтта деп,
Микрофон алып куудул бакылдаптыр.
Эл-журтту байкай анан сынай карап,
Тактынын көздөй жыла жөнөй калат.
Бакиев Жалал-Абад манабынан,
Талапкерлерди жиберчүдөй барын сабап.
Куйручук сынчы карап сынайт экен,
Жаактууга сөз бербеген абдан чечен.
Эл-журттун ишенимин актай алат,
Өндүрүш жактан айткан сөзгө бекем.
Хан болсо жайлайт тилин тосуп туруп,
Буйрукту берет үнүн созуп туруп.
А БИРОК… “Манас-Гансини” сатып иймек,
Байкатпай аэропортко кошуп туруп.
Борончу чыгат экен элге карап,
Боорсоктой жаңы бышкан өңү жарап.
Еврей кире качаар тешик таппай ,
Эгерде такка отурса супер-саяк.
Куйручук баалайт экен оюу кенен,
Борончу хан болууга жолу кенен.
А БИРОК…кантип аны хан кылабыз?
Койтойгон кичинекей боюу менен.
Деп сынчы кодоосуң деп жактырбаптыр,
Тактыга Борончуну чакырбаптыр.
Боюу узун барбы адам эл-журтта деп,
Куйручук элге чыгып бакылдаптыр.
Адахам Мадумаров деген алган атак,
Хандыкты алармын деп кылат чатак.
Ким бар деп хан болууга менден башка,
Сынчыны кирген экен сөзгө матап.
Тамагын шорпо менен майлап койгон,
Тагдырын бийлик жакка байлап койгон.
ЖКга партиямды өткөзөм деп,
Чет элдин гранттарын жайлап койгон.
Боюу бар, боюна чак салмагы бар,
Сөзгө бай, Өзгөн деген аймагы бар.
Куйручук баасын берет Адаханга,
Сөзүндө сүтү эмес, каймагы бар.
А БИРОК…Адаш динди кармабаптыр,
Арамбы, адалбы деп тандабаптыр.
Чочкону койдой союп шорпосуна,
Жүз грамм арак кошуп жалмалаптыр.
Деп сынчы Мадумаров бактысына,
Кубалап түшөт экен тактысынан.
Шарият жолун туткан бар бекен деп,
Жар салып чакырат дейт сакчысынан.
Чыгат дейт тандеми бар Садыр молдо,
Оо, кудай мына эми өзүң колдо.
Келтирип улам-улам дин келмесин,
Тактыга бара жаткан кыска жолдо.
Сынчыга Садыр молдо жагыптыр дейт,
Кунт коюп өтө көңүл салыптыр дейт.
А БИРОК… жаратпаптыр Ташиевге,
Мурдунан жетелетип калыптыр деп.
Сапдырдын Ташиев менен тандеми бар,
Экөөнүн билбейм кандай мандеми бар?
Келет дейт сарбагыш К.Исаев
Парламент, түрмө жакта ал деми бар.
Исаев хан болууга жарар эле,
Бөтөлкө кошуп барын багар эле.
Түбүнө жердин чукуп кирсе дагы,
Пахмелге баш оорутпай табаар эле.
А БИРОК…дайым болуп камак бута,
Хандыкты алалбайт го эми ута.
Акчасын шайлоо жакка бүт которуп,
Исаевдин чөнтөктөрү абдан жука.
Жулунуп ажолорду бирден жөөлөп,
Айкырып кээде эшекче, кээде мөөрөп.
Чөнтөккө доллар, евро салып алып,
Култуңдап такты жакка Бектур жөнөйт.
Кудум да өзү үйрөткөн мектеп анык,
Куйручук Асанов жакты беттеп алып.
Шолоктоп жашын төгүп ыйлап ийет,
Бала кез мөөрөгөнүн эстеп алып.
Бир Бектур, «Орок жана Балка» гана,
Жарайт го кыргыз жерге такка даана.
А БИРОК…көргүлүктү көрөсүңөр,
Кокустан бийлик тийсе маңкаларга.
Деп сынчы Бектурду да маңкасың деп,
Тапкыла мурду бүтүн башкасын деп.
Турганда Апас келет,
Кочкордой тумшук кантип жакпасын деп.
Сынчы айтат мурдун абдан сыйлар элем,
Кыргызстан өлкөсүнө хан кылар элем.
А БИРОК… бойдок боло калат экен,
Үйүнөн эки кадам жылаар менен.
Деп сынчы кубалаптыр бойдоксуң деп,
Кыздарга барганыңды койбопсуң деп.
Аңгыча Кочкоров Улук келет,
Жаш элем бирок кудай колдосун деп.
Кубулжуп үнү башка, улам ар ким,
Таптаса чыгар эле андан балким.
Туураса башкаларды окшоштурат,
Тургансып бет алдыңда Максим Галкин.
А БИРОК… кадыр-баркын жоготобу?
Хан болуп тапканын бүт коротобу?
Далайга башы бышкан «дед» ажолор,
Кочкоровду «молодой» деп тоготобу?
Деп сынчы Кочкоровду жактырбаптыр,
Тактыга барбы ким деп бакылдаптыр.
Таздарга сыным өтпөйт көз тиет деп,
Сындоого Аскар тазды чакырбаптыр.
Эркек жок бир топ убак турат экен,
Жулунуп Токтоайым сулуу чыгат экен.
Сынчынын карт жүрөгү болк дей түшөт,
Сулууну сырдуу карап сынайт экен.
«Сулуусуң айтып бүткүс сулуулугуң,
Айтайын денеңдин да жылуулугун.
А БИРОК… көтөрө албайт кыргыздар бүт
Тилиңдин заардуулугун, уулуулугун».
Деп сынчы кыргыздарга ханды таппай,
Ажолорду турган кезде санын таптай.
Чагылган «чарт» дей түшүп Куйручукту,
Тургандар бир заматта калды таппай.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg