www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги эркин журналист Манас Осмонду кепке тартып, президенттик шайлоонун айланасында пикир алыштык.
- Манас мырза, Президенттик шайлоого аттана тургандардын аты да атала баштады. Бу сапар болочок президенттерди кандай критерийлердин негизинде тандашыбыз керек деп ойлойсуз?
- Кандай болсо да, жаңы президент сырткы күчтөрдүн көңүлүн таап, үлкөн державалар менен жакшы мамиле түзө билүүсү керек. Кыргыз коомчулугунун президентти тандоодогу критерийи ушул багытта болуусу шарт. Анткени, биздей, итке минген өлкөлөрдүн жашоо тирилиги сырткы өлкөлөр менен байланыштуу болот. Көрүп атасыңар, азыркы бийлик деле чарк айланып, сырткы өлкөлөрдөн колдоо издеп, бирок, таппай жатат. Ким болбосун, биз мамиле кылган өлкөлөрдөн колдоо таппаса, ал бийликтин келечеги бүдөмүк бойдон калат.
- Учурдагы бийликтин абалы жөнүндө эмне айталасыз. Президенттик шайлоодо жеңишти камсыздай алышабы?
- Азырынча божомол жүргүзүү кыйын. Бирок, шайлоо экинчи айлампа менен жыйынтыкталышы мүмкүн. Менимче, Жапаров, Мырзакматов, Масадыков, Мадумаровдордун айланасында катуу кармаш жүрөт.
- Неге Өмүрбек Текебаев президенттикке аттангандардын ичинен Садыр Жапаровдо мүмкүнчүлүк жогору деди?
- Анткени, Садыр Жапаров учурда бардык бийликти уучтап турат. Мамлекеттик ресурстарды колдонгонго жана бийлик ээлерин кубаттаганга көнгөн элбиз. Менимче, Өмүрбек Текебаев ушул жагын кыйытты окшойт.
Булак: NazarNews.kg