www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызымдын мээси беш бармактын камырындай же палоонун гүрүчүндөй болуп калганбы дейм да. Ошон үчүн азыр чек ара, өндүрүш, айыл чарба, машинакуруу, жол куруу ж.б ойлонбой жатышат. Мындай пикирин  Савринса Сыргатаева аттуу Фейсбук колдонуучусу жазды.

"Өзбек журналисти Абдулла Бобомурад ( Жакында Бишкектен кармалып Ташкентке өткөрүлүп берилген журналист) өзүнүн фейсбук баракчасында тамак жегенди сүйүүчүлөрдү "ашжекратия" деп какшык түрүндө жазганы мага аябай жакты. Сөзмө сөз которуп жарыялайын деп кайра айныдым, ойлоп көрсөм өзбек кошуналарыбызга караганда "ашжекратия" (тамак жегенди сүйүүчү) кыргызымда огеле жакшы өнүгүптүр.

Кыргызым тамак жеш боюнча, кудайга шүгүр, эч бир элди астына чыгарбаса керек. Атасы өлүп астына кулап турса деле жылкы союп, кадимки тойдон ашырып таштайт. Сөөк чыга электе ашын жеп, жилигин, чучук, казы картага тоюп анан сөөк чыгарышат.

Тойлорду айтпай эле коёюн, дасторконду толтуруп, ала тоодой эт тартылып бир нече жандык союлат. Курсакка баткыча жейбиз, арткан кешигибизди бир нече баштыктарга толтуруп тойдон тойтоңдоп жөнөйбүз. Бир нече пакет дегеним: азыр бир нече пакет берилет кант-кандалаттарга, мөмө жемиштерге, нан боорсок, этке. Баарын бир баштыкка салсаң ботко болуп калаарын эбак эле түшүнүп калбадыкпы! Эстүү кыргыздар ашкан тамакка контейнер да берип калышты.

Ошентип ашжекратия өнүккөн өлкөбүздө ашжекраттар суюк тамактан башкасын баарын "шорпо - бетке, эт - пакетке" деген лозунг менен столдогу бар нерсени пакеттерге салабыз. Кээ бирде мунун баарын түштүгүбүздө "катмы табак, такси табак" деп да коёбуз.

Ашжекратия өнүккөн өлкөбүздө илгери союз мезгилинде ашжекратия такыр жок болчу. Чоң Фрунзада «Соң Көл» ашканасы, "Пельменная" ашканасы эле бар эле. Өчүрүт болот эле. Ашжекраттар такыр эле жок. Ош - Бишкек жолунда бир даана да ашкана жок эле. Командировкага баргандар үйүнөн нан жаптырып алып кете берет болчу.

Азырчы? Азыр кадам сайын ашкана, кафе. Токтосоң ийилип күтүп алышат. Жол боюнда боз үйүн куруп, бээсин байлап илибой каприз акчаң эле болсо ашжекраттар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.

Депутат, чиновниктерибиз көбүнчө ашжекрат болушса керек. Курсактары 9 айлык баланы төрөй албай , төөнүн гөшүн жегенсип 10 айга өтүп кеткендей салаңдайт. Теледен сүйлөсө беттери экрандан сыртка түшүп кетет деп коркосуң, экранга батпайт.

Орозо айларда ашжекраттар кадимкидей орозо кармашат. Отуз күн орозодо өчүрүт менен ооз ачар өткөрүп отуз семиз кой жешет. Ошондо да орозо кармаганы саналуу, калганы ашжекратияны өнүктүргөндөр. Орозо кармабаса деле күнүгө ооз ачышат. Орозо кармаган ашжекраттар деле кечинде кадимкидей ооз ачып , түнкү саат 12де обед, таңга маал саарлык ичип, кайра эле 3 маал тамактанышат.

Орозо бүткүчө болтоюп толуп алышат.

Фейсбукта да ашжекраттар бар. Бир фейсбук досум бар: "Ашканага кирип шорпого нан туурап тоюп ичтим, артынан котлет жеп отурсам, фейсбукчу досум жолугуп төрт ошсамсаны зорго жедим" деп жеп бүткөн жуксуз тарелкасын фейсбукка жүктөп коёт. Апенди ашжекрат болбосо жей электе сүрөтүн тартпайт беле дейм да, жей электе тамактан көзү өтүп тарелкасын кошо жечүдөй болуп эсине келбесе керек. Ошо жазганын окугандан кийин ошол тамактын баарын мен жегенсип кыжаалат болом.

Кээ бирлери аялын мактап жасаган тамагын жей электе сүрөтүн тартып жүктөйт. Дагы бир досум бар эле кызартып эле кам гөштүн (кам эттин) сүрөтүн жүктөй берет. Кээде куйкаланган койду башы менен оозуна чөп тиштетип жанында сөлпүлдөйт (селфи) . Ошол досум накта ашжекрат да!

Ашжекратия өлкөбүздө аш сүйүүчүлөр мамлекеттик деңгээлде да белгиленип турат. Бир жарым тонна беш бармак, 150 метр чучук, кырк казан сүмөлөк ж.б (Гиннес китебине киргени кут болсун!!!!). Кай жерде болбойлу ашкана кафе, чайханалар эл толуп тамактанышат.

Кыргызымдын мээси беш бармактын камырындай же палоонун гүрүчүндөй болуп калганбы дейм да. Ошон үчүн азыр чек ара, өндүрүш, айыл чарба, машинакуруу, жол куруу ж.б ойлонбой жатышат.

Ашжекратиянын жаман жактары өтө эле көп, баарынан да жүрөк, кан тамыр оорулары көбөйүп жатат. Кыргызым ашжекратиянын өнүгүшүнө бөгөт койсок гана өнүгөбүз!".

 

#Ашжекратия Өзбек журналисти Абдулла Бобомурад ( Жакында Бишкектен кармалып Ташкентке өткөрүлүп берилген журналист) ...

Posted by Савринса Сыргатаева on 2020-ж., 18-сентябрь, жума

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости