www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Коронавируска каршы анализ тапшырып, жайынтыгы терс чыккан атасын көрүү үчүн каалганын түбүнө келген кичинекей кыздын атасын чакырганы интернет айдыңында көпчүлүктүн көзүнө жаш алдыртты.
Өзүндө вирустун симптордорун байкаган Сертан Шахин аттуу Түркиянын жараны дароо ооруканага барып, анализ тапшырган. Жыйынтык терс чыгып, Шахин жакындарынын баарына кабар берип, үй ичинде карантин режимине өткөн. 3 күндөн бери карантинде жаткан Шахин жубайы менен кызынан узак, өзүнчө бөлмөдө турган. Ал эми атасын сагынган кыз каалганын түбүнө келип, “баба” (ата) деп чакырып жатты. Жүрөгү элжиреген атасы ошол мүнөттөрдү телефонуна тартып алууга жетишкен. Каалганын эки жагынан бири-бирин көрүүгө ашыккан ата менен кыз, каалганын түбүнөн көрүштү.
Мындай эмоциялуу абалды баштан өткөрүп, кызын сагынган Сертан Шахин ошол мүнөттөрүн социалдык тармакта бөлүшүп, көпчүлүккө үн катты. “Коронавирустан коркпой жаткан достор, видеодогудай мүнөттөрдү башкаларга жашатпаш үчүн бет кап тагып, этият болуңуздар. Меники терс чыгып, 2 күндөн бери карантиндемин. Кызым “Ата” деген сайын ооруну жеңип, дагы күчтүү болууга сөз берип жатам. Дуба кылып коюңуздар”, - деди.
Булак: NazarNews.kg