www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

--Жылдыз Аманбековна өзүңүздүн бала чагыңыз тууралуу айтып берсеңиз...

--Пенденин жашоосу ар дайым жарыш, күрөш, жайлоо, шайлоо. Өздөрү билип-билбеген шайлоо. Баласына ат койгондо, бата бергенде, жарык дүйнөгө келгенине кырк күн болгондо туугандар ийри отуруп, түз кеңешип,  ырымдашып, ушундай улуу вазийпаны аткаруу үчүн көпчүлүк арасынан бирөөнү тандап, шайлашат. Анан бешик той, сүннөт той, келинге жоолук салган, айтор, ар бир жакшылыкта тууган арасында мыктылар гана ушундай ыйык нерселерге шайланышат. Мен таэнемди апа деп чоңойдум, апамды ээрчип айылдан калбадым. Айтор, айылда апамсыз анан менсиз эч бир той өтпөчү. Мергенчи, мүнүшкөрдүн жесири болгондуктан өткөн-кеткен изги иштери менен апам айылда абдан кадыр-барктуу, анан да калыс, тайманбас, кайраттуу, чынчыл адам эле. Тууганы, күйөөсү, аялы, абысыны менен араздашканы деле апама келишчү. Баарын орду-орду менен жайгаштырып, урушканды элдештирип, чабышканды табыштырып, жаман ойду жакшы тойго айланткан касиеттүү аялзаты эле.

Бирок, апам тойго мени далай жолу этектеп ээрчиткени менен бир да жолу баланын чачын алганын, бешикке салганын, жаңы келген келинге жоолук жапканын көрбөдүм. “Апамды баары угушат, сыйлашат, кеңешишет, таң эртеден түн оокумга чейин үйгө келип арыз-муңдарын айтышат, неге тойлордо башкы иштерди жасабайт?” деп ойлонгонум аз келгенсип, мага окшоп апаларын ээрчип келген кыздар “менин апам жоолук салды, баланы бешикке бөлөдү, сенин апаң анткен жок” деп ардантышаар эле.

Бир жолу апам экөөбүз Ак Муздан Ак Моюнга жөө келатып сүйлөштүк. 70тен ашса да басканы шайдоот,  тулку келбети модел кыздардай болуп сынынан жанбаган, акылы тунук, айтканын кайтпаган алда айланайын апам ай. Ошо мээмде кыттай уюган, жан дүйнөмө тынчтык беребеген суроомо жолду ката жооп берди. Жооптор түбөлүк мээме уюп, апамдын насааты менен жашаганым эч бир жаман болгонум жок.  

Кызым, Жыкым, ар бир адам турмушунда той көп болот. Бала төрөлгөндө ат койгон, бата берген, чачын алгандан, бешикке салгандан тартып, өлгөнгө чейин кыргыз ырым деген улуу, ыйык нерсе менен жашайт. Ооба, айылда улуумун, кадыр-барктуумун, бирок, жесирмин. Атайы жесир болбодум. Кудайдын маңдайга жазганы. Жесирлик-жалгыздык. Жалгыз калдым. Жалгыздык жаман. Ыраматылык атаң этимди оорутуп бир да жолу камчы чаппады, жүрөгүмдү оорутуп бир да жаман сөз айтпады. Эриш-аркак, үлгүлүу, ынтымакта жашадык. Арга жок, мени таштап өз жыргалчылыгын карап кете берди. Жесир же ажырашкан аял үчүн көп чектер бар. Айтылбаган, жазылбаган. Ооба, туугандар үзүлүп-түшуп сыйлап, улуу устуканын алдыма тартышат, дайым төрдөмүн. Уятым, тарбиям жок болсо албууттанып же бети жоктонуп “мен эле мен!” десем да жарашмак. Баары ырым, чач алганда, бешикке салганда, жоолук жапканда мен өзүмдү-өзүм тартам. Себеби жаңы турмушка аттангандар, жаңы жашоого келгендер жетим, жесир калбасын, жалгыз болбосун деп тилек кылам. Кийин сен да турмушка чыгасың. Бирге түтүн булатуу оңой эмес. Миң кыйынчылыктан өтөсүң. Ушак айтпа, ууру кылба, бирөөнүң сөзүн бирөөнө ташыба. Артынан сүйлөбө, бекинип бир нерсе жасагыча бетке айтып беймаал жаша. Конгон тууруңдан колдон келсе ажырашпа, ажырашып же жесир калсаң балдардын ушундай жакшылыктарынын башына турба. Келген келинге жоолук салба, баланы бешикке бөлөбө. Уулду же кызды колтуктап келип турмуш жолуна узатпа. Бирөөнүн жаңы турмушуна кыянаттык кылба. Өзүң келин алсаң, кыз узаткан да очор-бачар, бала-чакалуу айымдарга ырым-жырымыңды жасат” деп жолду ката кулагыма кыттай куйган...

--Кыргыздын үрп-каада-салттарын кармайсызбы?

--Акма, куйма кулак жаныбыз бирин уксак, бирин укпайбыз. Кыянаттык эң жаман сапат экенин билсек да кыйынбыз. Дегеним, жаңы агым менен ак, кара, ырым, жырым, каада-салт астын-үстүн боло аралашып эле жатып калды. Эрден эрге тийгени, жесир калганы деле жоолук салып, жар-жар ырдап, кыз, уулду жүгүнтүп, баланы бешикке бөлөп, ал аз келгенсип айыл-айылга бүлүк салып жүргөнү жүргөн. Лексиконубузга тилибиз келбеген, ата-бабабыз укпаган сөздөр кирди. Ата-бабабыз, укум-тукумубуз демократияны эч билбеген, түшүнө да кирбеген, биз баарыбыз демократ болуп чыга келдик. Делимитация, демаркация, приватизация, консенсус, гомосексуализм, коалиция ж.б.ж.б. батыштын, демократиянын желаргысы менен кирген сөздөргө тил сынып. Тил сынып жатканда аны табалап, адамдын дили сынып, төгүлүп, чачылып, дили сынганын ачык айта албагандар атасынын көрү фейк болуп фарфырап фонтандай улам бир жерден атылып чыга калып аткан чагыбыз. Чагылгандай чартылдайбыз го, шумдук!

--Учурда каралоо боюнча алдыга оозуп кеттик окшойт, деги элей фейктердин агымына кандай көз караштасыз?

--Ар бирибиздин жашообузга фейк деген кара беттер агылып кирди, агылмак тургай төрүбүзгө очойуп эле отурду. Көөдөнүбүзгө оосуруп да коюп атышат. Жаныңда жүрөт, сыйыңды көрөт, сенин чөнтөгүңөн алданемедей айлык алат, жанына бир кадам алыстаарың менен жан алгычка айланат. Фейкилдеп кетет тим эле. Өзүңдүн итиңди чыгарат, битиңди сыгып, каныңды ичет. Соцсеттерде кызыл-жаян эле согуш. Фейктердин, тоюс, жай турмушта жалпаңдашып чай ичишкендердин катын кармашы.

--Бүгүнкү саясый кадамдарда каралоо күч алды, бул кадамга кандай карайсыз?

--Шайлоо шаңын карап отуруп байкаганым, өзү бир партияны жар сала мактап атат да, 2чи, 3чү, 5чи партияны жерден ала көргө сала жамандаганы жамандаган. Ошо партия менен кошо кетчүдөй же лидеринин үйүнө кирип алчудай болуп эки-экиден жаакташып, тил, сөз менен согушуп аткандары канча? Логика нөл. Ойлобойбу, мен сыяктуу эле ушу кесиптешим же жөн жай таанышым, замандашым шайлоодо айлык алып үй бүлөсүн багып атат деп. Өзгөгө асылганы укмуш, өзүн күзгүдөн бир карап, өткөн-кеткенине саресеп салып койсо не десең... Айрымдарын сөкмөк тургай агын сууга салып алып сабагың келет иттики десе! Карасаң, арасында беш маал намаз окуганы деле, аксакалы деле, тарбиялуусу, маданияттуусу, этикалуусу, адабиятуусу, небере багып үйдө отурган чоң энеси деле чочоңдоп жүрөт. Өзүнчө эле Чокчолой баатыр. Анан да селфилешип бир-бирин апенди кызындай мактап койгондоручу...

Фейк турмушту карап отуруп апамдын узун сабак аңгемелерин сагынам. Жакшы иштерге, жакшы адамдарга кыянаттык кылгандан кудай сактасын. Жамандар болсо эсебин өзү табат. Кыскасы кыяматтан”, дейт “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкер.

“Мекеним Кыргызстан” партиясы төгөрөгү төп келишкен № 4 – тизмеде!

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

Последние новости