www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Кырк Уруу Жети Дубан” коомдук бирикмесинин мүчөлөрү СИЗО-1 мекемесине камакка алынды. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Бишкек шаардык сотунун басма сөз кызматы билдирди.
Алардын айтымы боюнча, кармалган шектүүлөрдүн баш коргоо чарасы 1-октябрда тандалып алынган. Сотко чейинки процесстердин алкагында алар СИЗО-1де 30-ноябрга чейин камакта болот.
Камакка алуу боюнча өтүнүч Бишкек шаарынын прокуратурасынан келип түшкөн. Алар аймактар аралык кастыкты козуткан жана бийликти күч менен басып алууга чакырган деп айыпталууда.
Эскерте кетсек, социалдык тармактарда белгисиз адамдар коомдук тартипти дестабилдештирүү пландарын талкуулап, бийликти күч менен басып алууга чакырган видеотасмалар тараган. Сотко чейинки процесстин жүрүшүндө “Кырк Уруу Жети Дубан” коомдук бирикмесинин 26 мүчөсү кармалган. Алардын жыйырмасы баңгизатын колдонгону аныкталган.
Ошентип, кыймылдын 5 мүчөсү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Булак: NazarNews.kg