www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өлкө тургундары сасык тумоо жана курч респиратордук вирустук инфекциялык (КРВИ) ооруларга каршы эмдөөдөн активдүү өтүүдө. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн маалымат кызматынан билдирди.

"Буга чейин өлкөгө ташылып келген вакцинанын биринчи партиясы пайдаланылды. Биринчи калктын аярлуу катмарын эмдөө боюнча иштер өз учурунда жасалууга тийиш. Азыр сасык тумоо жана КРВИ мезгили, ошондуктан эмдөөдөн өткөрүү процессин тездетүү керек. Жакында вакцинанын экинчи партиясы келет. Аны дагы аймактарга бөлүп берүү шарт. Акы төлөнүүчү негизде эмдөө иштерин жүргүзүп жаткан жеке менчик лабораториялар бардык аймактарда ачыла элек. Облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөр менчик клиникалар менен жеринде сүйлөшүүнү жигердүү жүргүзүүсү зарыл", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле өкмөт башчы алдыдагы күз-кыш мезилине даярдык көрүүнүн маанилүүлүгүнө токтолду.

"Суук болуп келе жатат. Бул маалда сасык тумоолоп ооруй турган жарандардын саны көбөйөт. Дары каражаттарынын запасын анализдеп көрүү керек. Кампаларда керектүү дары-дармектердин канча көлөмдө бар экенин так аныктоо үчүн дарыканалардын жетекчилери менен түздөн-түз иштешүү зарыл. Ошол эле учурда Мамлекеттик материалдык резервдер фондундагы медициналык каражаттардын запасын көбөйтүү боюнча иштер жүрүүдө", — Боронов.

Эске салсак, бийлик сезондук сасык тумоо менен катар коронавирустун экинчи толкунуна кам көрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости