www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

9-февралда Бишкекте болуп өткөн жол кырсыктан кичинекей кыздын бутун ампутациялашты. Кыздын оң буту жараксыз абалда жанчылган. Бул жөнүндө Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлады.

 “Кызды оор абалда тез жардам менен алып келишкен. Анын өмүрүнө коркунуч келбеш үчүн бутун ампутация жасоого туура келди”,-деп маалымдашты басма сөз кызматынан.

Кырсык 9-февралда болгон. «Мерседес Бенц 280» унаасын башкарып келе жаткан 33 жаштагы жаран «Тойота Функарго» унаасын сүзүп, андан соң жөө жүргүнчүнү койдуруп кеткен.

1983-жылы туулган аял жөө жүргүнчүлөр өтө турган жерде 2 жаштагы кызы менен бараткан. Аял окуя болгон жерде дароо каза тапкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости