www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстандын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга уулангандардын саны 39га жетти.

Өткөн аптанын соңунда 20га жакын бейтап «гелиотроптук гепатит» диагнозу менен ооруканага жаткырылган. Алардын көбү үч жана беш жаштагы балдар. Бул тууралуу Тоолуу Бадахшан автономдук облусунун саламаттык сактоо башкармалыгынан билдиришти.

Гелиотроптук гепатит – гелиотроп отоо чөбү кошулуп кеткен ундан жасалган нанды жегенде пайда болот. Анда адамдын боорунун иштөөсү начарлайт. Оорунун алгачкы учурларында боор чоңоюп, андан соң сарыкка мүнөздүү болгон башка белгилер пайда болот.

Буга чейин январдын соңунан бери гелиотроп чөбү кошулуп кеткен унга 19 киши ууланып, 11 жаштагы бала каза болгону кабарланган. Облустук акимчиликтин басма сөз кызматынан билдиришкендей, ооруканага жаткырылгандардын көбү аймактагы Ишкашим районунун жашоочулары.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги Бадахшан автономдук облусуна адистер тобун жөнөтүп, алар ооруга буудай менен кошо тегирменге түшкөн гелиотроп чөбү себеп болгонун аныкташкан.

«Жалпысынан ал районго 5,5 тонна буудай алып келинген, жергиликтүү тургундар анын эки тоннадан ашыгын жеген. Абал чынында эле оор. Борбордон барган адистер бейтаптардын өмүрүн сактап калуу үчүн болгон аракеттерин көрүп жатышат», - деп билдиришти облустук саламаттык сактоо башкармалыгынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости