www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай АКШнын коркутуусуна катуу жооп берди

«Башка өлкөлөрдөй эле Кытай дагы коронавирус инфекциясынан жабыр тартты, анан калса АКШ коштогон батыш өлкөлөрү алардын жоосу Кытай эмес, вирус экендигин түшүнүүсү керек»-деди Кытайдын тышкы иштер министри Гэн Шуань ЖМКларга берген маегинде.

“Жоопкерчилик тууралуу айта турган болсок, биз бул вирус бүтүндөй адамзаты үчүн элдешкис душман экендигин айтып эле келетабыз. Чын-чынына келгенде, Кытай вирус менен союздаш эмес, жабырлануучу экендигине дүйнө эли күбө. АКШнын айрым бир аткаминерлери бизди  жоо тутканча, вирус менен күрөшүүсү, вирус эң биринчи душманы экендигин аңдап түшүнүүсү керек эле”-деп кошумчалады Ген Шуан брифингде Трамптын буга чейинки айткандарына түшүндүрмө берип жатып.

Эске салсак, АКШ Кытайды илдетти атайын чыгарууда жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмун Кытайга маалыматтарды жашырууда жардам бергендикте айыптап келет.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости