www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-апрелде, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун (ММКФ) төрайымы Элнура Боронбаеваны кабыл алды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

Өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал шарттарында медициналык кызмат көрсөтүүлөрдүн сапатын, ошондой эле калктын буга жеткиликтүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар талкууланды.

Мамлекет башчысы өлкө аймагына коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу кырдаалда саламаттык сактоо тармагында системалуу алешемдиктер ачыкталганын белгиледи.

Саламаттыкты сактоонун бүт системасын, анын ичинде жарандарды милдеттүү медициналык камсыздандырууну өркүндөтүү, ошондой эле коомдук саламаттыкты сактоонун ролун күчөтүүнүн өзгөчө зарылдыгын баса белгиледи.

Президент Сооронбай Жээнбеков саламаттык сактоо тармагын санариптештирүүгө өзгөчө көңүл бөлүнүшү керектигин, ал бүтүндөй системага, анын ичинде бейтаптарды дарылоо шарттарына да пайдалуу таасирин бериши керектигин айтты.

Ошондой эле эл аралык жардам линиясы боюнча келип жаткан каражаттарды ырааттуу пайдаланууга көңүл бурду.

ММКФ төрайымы Элнура Боронбаева коронавирус инфекциясы пандемиясынын шарттарында фонддун ишмердүүлүгү боюнча маалымат берди.

Өлкө жарандарын сапаттуу медициналык жардам менен кепилденген камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып берди.

Ал бүгүнкү күндө бардык мамлекеттик медициналык мекемелерде медицина кызматкерлери үчүн жеке коргоочу каражаттардын запасы бар экенин маалымдады.

Бюджеттик акча каражатына коргоочу каражаттарды сатып алуу улантылып жатат, медициналык мекемелер алардын запастары менен күн сайын толукталууда. Жалпысынан акыркы 3,5 айдын ичинде бул максатка 187 млн сом багытталган.

Ошондой эле Элнура Боронбаева тиешелүү мамлекеттик органдар менен бирге дары-дармектердин баасын жөнгө салуу боюнча иштер жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости