www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын жыйынында Кыргыз Республикасынын ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди. Мындай маалыматты өкмөттүн маалымат кызматы жазып чыкты.

Штабдын мүчөлөрү үй карантининдеги жарандардын бекитилген санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоолору боюнча жагдайды талкуулашты. 

«Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси боюнча 8 жаран, 281-беренеси боюнча 1 жаран жоопкерчиликке тартылды. Жоруктар жөнүндө кодекстин 127-беренесинин 1-эскертүүсүнө ылайык 6 адам жоопко тартылууда, алар боюнча материалдар сотко жөнөтүлгөн. Бузуулар жөнүндө кодекстин 293-беренесине ылайык 21 адам жоопкерчиликке тартылган, аларга 3 миң сомдон айыппул салынды. Жыйынтыгында жалпысынан үй карантинин бузгандыгы үчүн 36 адам жоопко тартылды», - деп билдирди министрдин орун басары. 

Жыйын учурунда инфекция чыккан жерлерде мобилдик бригадалардын ишинин жүрүшү талкууланды. Белгиленгендей, 107 миңден ашуун үй, 560 миңден ашык жаран текшерилген. 

«Жергиликтүү бийлик органдары илдетке чалдыккандар менен байланышта болгон адамдар менен иштерди күчөтүүлөрү кажет. Өзгөчө көңүл бура турган экинчи зона чек арадан жер жана аба транспорту аркылуу өткөн жарандар болуп саналат. Көзөмөл-өткөрмө пункттар тыштан инфекцияны алып келген учурларга жол бербөө үчүн текшерүүлөрдү тыкыр жүргүзүүгө тийиш», - деди Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов.

Республикалык штаб кыргызстандыктарды өздүк гигиена эрежелерин сактоого жана социалдык аралык эрежелерин карманууга чакырат. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости