www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай

2013-жылы президент Си Цзинпин жар салган “Бир кур, бир жол” демилгеси 2017-жылы Кытай Конституциясына киргизилип, Бээжиндин глобалдык инфраструктуралык өнүгүү фонду аркылуу Кытайды дүйнөнүн туш тарабы менен байланыштыруу максатын көздөйт. Эми бул планга Кабул да тартылууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. 

Кытайдын Афганистан боюнча миллиард доллардык долбоору 2049-жылы жыйынтыкталышы керек. Бул - Кытайдын Африкадан Европага чейинки аймакта эбегейсиз насыяларды сунуштап, бир кезде Батыш тескеп турган жерлерге орношуу саясатынын бир бөлүгү.

Талкууланып жаткан сунуштардын бирине ылайык, Афганистан менен Пакистандын түндүк-батышындагы Пешавар шаары ортосунда чоң жол куруу каралган.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости