www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров турганда «Кумтөрдү» толугу менен Кыргызстанга өткөрүп, күнөөлүүлөрдү жазалашыбыз керек», - деди, бүгүн, 9-июлда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Рамазан Дырылдаев.

«Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев «Кумтөр» эле эмес, деморкация, денонсация кылып, чек араны тактоого да катуу киришип жатышат. Алардын аракетин жокко чыгаргысы келгендер жок жерден чуу чыгарып, абалды оорлоштурууга кызыкдар болуп жатышат. Ошон үчүнбү чек арада дагы жаңжал чыкты.

Эң негизгиси Кудайдын көзү түз болсун. Буюрса, бул кыйынчылыктардын баары артта калат. Кылым афёрасы атыккан «Кумтөр» кениндеги коррупцияны далилденет. Коррупционерлердин күнөөсүн моюндарына коюшса, Акаевди Кыргызстанга экстрадициялоо маселеси жаралат.

Буюрса, чек арадагы деморкация, делимитация маселеси жыйынтыкталса, президент ушул ишке киришиши зарыл. Путин болгон аракетин жасап, Акаевди бербегенге аракет кылат.

Бирок, Путинге мамлекеттин таш-талканын чыгарган Акаев менен достугуңуз жогорубу же бүтүндөй кыргыз элинин достугу жогорубу деген талап коюшубуз керек. Путин кимди тандаарын убакыт көрсөтөт.

Бирок, биз тайманбай Акаевдин мезгилинде башталган «Кумтөрдөгү» коррупциялык иштерди далилдеген документтерди Россиянын прокуратурасына жөнөтүп, анын күнөөсүн далилдеп, орустар ынанып, кынтык таппай турган кылсак утуш биз жакта болот.

Тагыраагы, Садыр Жапаров президент кезде бул маселени чечип албасак, башка президенттердин бул ишке киришүүгө духу жетээрин Кудай билет. Кыскасы, Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров турганда «Кумтөрдү» толугу менен Кыргызстанга өткөрүп, күнөөлүүлөрдү жазалашыбыз керек», - деп белгиледи Дырылдаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости