www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытайдын Кыргызстандагы элчиси Сяо Цинхуа биздин мамлекеттин Кытайга болгон карызын эскертип, ал маселе боюнча билдирүү кылды. Элчи: "Кытай жеңилдетилген насыяларды берген. Биз билебиз, ал насыядан Кыргызстан пайда көрдү. Алынган насыяны кечүү макулдашуу менен гана болушу мүмкүн. Бирок Кытай тарап бул маселени карабайт" - деп так кесе айтты.
Албетте, карызга берген акчаларды ким эле кече койсун. Элчи айткандай Кытайдан алынган насыялардын пайдасы жалпы Кыргызстанга анчалык жарык чача албады. Болгону атка минерлер жыргашты.
Эске сала кетсек, Кыргызстандын карызы 1 млрд. 711 миллион долларды чапчыйт. Бул тышкы карыбыздын 41 пайызын түзөт. Маалымат катары кетсек, коңшу Тажикстан Кытайга карызын төлөй албай бир топ гектар жеринен айрылган эле. Андай тагдыр биздин башыбызга келбесин, ойлонгула, ойгонгула, урматтуу атка минерлер!
Булак: Багыт.кж