www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ТЭЦдин консультанты 5 млн доллар алган

Бишкек Жылуулук электр борборун модернизациялоо үчүн алынган крдит асманга сапырылып кеткенине элдин ичи күйүп, заманасы куурулуп турган чагы. Буга чейин"бир кычкачты 600 доллардан алганы ачыкка чыккан. Көрсө, ЖЭБтеги консультант алган акчанын алдында кычкачың суу кечпейт экен.

Муздак сууга колун малбаган неме 5 миллион долларды жалмаптыр. Мындан сырткары, турбинага 46 миллион 893 миң доллар, башкы корпуска 40 миллион 261 мин доллар, эки от казанга 41,4 миллион доллар, кабель жана кабелдик курулуштарга 20 миллион 299 миң доллар жылуулуктукөзөмөлдөө системасына 19 миллион 400 миң доллар, күкүрттү жок кылуу системасына 19 миллион 173 миң доллар, сууну кайра иштетүү системасына 9 миллион 571 миң доллар, майда чыгашаларга 49 миллион 647 миң доллар, административдик чыгашага эле 14 миллион 443 миң доллар, консультантка 5 миллион 937 миң доллар, видеобайкоого 1 миллион 738 миң доллар корогон.

Ошондой эле жабдуулар үчүн 164 миллион 600 доллар, курулуш иштсеинс 66 миллион 700 миң доллар, монтаж иштерине 64 миллиоң 200 миң доллар, кызматкерлерди жана техникаларды жеткирүүгө 12 миллион 400 миң доллар коротуулары көрсөтүлүп, бирок бул акчага конкреттүү эмнс иштер жасалаары айтылган эмес. Мына биздин жетскчилирдин жүзү.

Булак: Мантыш

Последние новости