www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай коронавирусту дарылоо үчүн Италияга дарыгер жиберүүгө даяр. Бул тууралуу өлкөнүн Тышкы иштер министри Ван И бул тууралуу 11-мартта Италиянын тышкы иштер министри Луиджи Ди Майо менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда билдирди.
Ван И мындан тышкары Италияга керектүү дары-дармек, медициналык жабдууларды жиберүүгө да даяр экенин айткан.
"Эпидемия чек араны билбейт, ал жалпы адамзаттын душманы жана эл аралык коомчулуктан бирдиктүү чара күтөт" - деди кытайлык дипломат.
Бир күн мурда Италияга дарыгерлерди жөнөтүүнү Кытайдын Кызыл чырым коому сунуштаган. Уюмдун маалыматына караганда, ушул тапта кытайлык дарыгерлер Иранда иштеп жатышат.
Белгилей кетсек, 11-мартка карата берилген маалыматтарга ылайык, Италияда коронавирустан 631 адам көз жумду. 10 миңден ашуун киши вирусту жуктурган.
Булак: NazarNews.kg