www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов эл аралык валюта базарындагы кырдаалдын сомго таасири, улуттук валютанын курсун сактоо аракеттери тууралуу журналисттерге айтып берет.

Улуттук банк кечээ валюталык интервенция жасап, 53,7 миллион долларды сатыкка чыгарды. Анын 4 миллиону накталай түрүндө сатылды.

Белгилей кетсек, 10-март күнү Кыргызстанда доллардын баасы кескин көтөрүлдү. Айрым коммерциялык банктарда 1 АКШ доллары эки күн мурункуга караганда үч сомго кымбат, дээрлик 73 сомдон сатылды.
 Кечке маал Бишкектеги айрым акча алмаштыруучу жайларда 1 доллар 70-71 сомдон сатып алынып, 73-74 сомдон сатылып жатты. Көпчүлүк акча алмаштыруучу жайлар доллар сатышкан жок.

10-мартта акча алмаштыруучу жайларда 1 евро 82-83 сомго чыкты. Орус рубли 1 сомдун айланасында, казак тенгеси 17-18 тыйындан сатылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости