www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай бийлиги коронавирус эпидемиясы менен күрөшүү үчүн АКШга колдон келген жардамын аябоого жана колдоо көрсөтүүгө даяр. Бул тууралуу Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин АКШ лидери Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө билдиргенин РИА Новости жазып чыкты.

Си Цзиньпин Кытай менен АКШ азыркы кырдаалда биригип, эпидемия менен күрөшүү керектигин белгилеген.

“Айрым кытайлык компаниялар жана мекемелер АКШга гуманитардык жардам жөнөтүүдө. Кытай тарап учурда америкалыктар башынан өткөрүп жаткан кыйынчылыкты түшүнүп турат. Колдон келишинче жардам берүүгө жана колдоо көрсөтүүгө даярбыз”,— деп айткан Си Цзиньпин.

Ошондой эле, ал мындан ары дагы илдетти ооздуктоо үчүн АКШ менен тажрыйба жана маалымат алмашуулар тынымсыз улантыларын кошумчалаган.
Жон Хопкинс атындагы университеттин Системалуу изилдөө жана инжиниринг борбору бүгүн АКШ COVID-19 вирусун жуктургандардын саны боюнча Кытайды артка калтырып, биринчи орунга чыкканын билдирди.

Акыркы маалыматтар боюнча, Америкада коронавируска 85 653 киши кабылды. Алардын арасынан 1290 киши көз жумуп, 713 киши сакайды.

Ал эми жер жүзү боюнча вируска чалдыккандардын саны 531 860ка жетти. Өмүрү менен кош айтышкандар — 24 057, айыккандар 122 203 болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости