www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кант шаарынын Панфилов көчөсүндө жерде кулап жаткан аял бир айдан бери спирт ичимдигин ичип жүргөн. Бул тууралуу NazarNews агентигине  Ысык-Ата РИИБнин кызматкери Таалай Аңылдаков билдирди.

Анын айтымында, аялды Кант шаарынын ооруканасына алып кетишкен. Ал бир айдан бери спирт ичимдигин ичип жүргөн.

“Ооруканага алып кетипшип, ал жактан тамчылатма дары беришкен. Анын кызы келип, “ менин апам” деп алып кетиптир. Өздүгүн да тактаган эмес”,-дейт прапорщик Таалай Аңылдаков.

Эске сала кетсек, Фейсбук социалдык тармагында Кант шаарынын Панфилов көчөсүндө жерде кулап жаткан аялдын видеосу жарыяланган.

Анда автор аял жарым саттан бери жерде жатканын, бирок, эч ким жардам бербегенин айткан. Ошондой эле, милиция кызматкери кан тамыр аркылуу жүрөктүн согушун текшерип эле кетип калганын, “Тез жардам” кызматы келбей жатканын да кошумчалаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости