www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы убактарда социалдык тармактарда жана ЖМКда  жарандын кемсинткен билдирүүсү талкууланып,  бир катар нараазычылыктарды жараткан. Ал жек көрүү  жана кастыкты козутууга түрткөн кемсинткен сөздөр коштолгон ачык билдирүү жасаган.

2020-жылдын 26-март күнү Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы тарабынан сотко чейинки өндүрүштүн алкагында ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган. Бул тууралуу ИИМдин баса сөз кызматы билдирүүдө.

Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 313-беренесинде (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутуу) көрсөтүлгөн кылмышты жасоого шектелип Бишкек шаарынын тургуну, 1990-жылы туулган Даниэль Ажиев  кармалып, Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Күбөлөндүрүүнү жүргүзүү учурунда ал марихуана баңги каражатын  колдонгондугу аныкталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости