www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиядан келген коронавирустун жаңы учурларынын саны кескин көбөйгөндүктөн, Кытайда тынчсызданууну жаратты. Акыркы инфекцияны жуктуруп алгандардын жарымынан көбү түндүк-чыгыш чек арасы аркылуу Россиядан келген Кытай жарандары. Бул тууралуу Bloomberg жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Россия менен чектешкен Хейлонгьцзян провинциясынын Саламаттык сактоо комиссиясы башка жактан келген коронавирустун 60 учур катталганын кабарлады. Алардын дээрлик бардыгы – Кытайга Россиядан келген унаа же автобус менен кирген жарандар. Бул адамдардын көпчүлүгүнүн жолу Москвадан Владивосток аркылуу өткөн.

Башка жактан келен вирус Кытайдагы эпидемиологиялык кырдаалга олуттуу коркунуч келтирди. Бийликтегилер оорунун жайылышын катуу карантин менен кыскартууга жетишишти.

Жаңы COVID-19 толкунунун коркунучу жаралгандыгына байланыштуу Кытай консулдугу жарандарды Россиянын аймагы аркылуу өткөн маршрут боюнча жүрүүдөн баш тартууга чакырды.

Эске сала кетсек, Кытайдын Хэнань провинциясынын Цзя округу коронавирусту аныктоонун бир нече жаңы учуру катталып, адамдардын кирүүсүнө жана транспорттун кыймылына тыюу салынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости