www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин апрель айындагы чыгымдары болжол менен 7 миллион сомго аз болушу күтүлүп жатат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынын башчысы Ибраим Нуракун уулу 9-апрелде ЖМКларга билдирди.

Маалыматка ылайык, ал Финансы министрлиги чыгымдардын планын жарыялаганда жалпы сумманы болжолдоп берерин, бирок карантинге байланыштуу бул айда көптөгөн иш-чаралар болбой турганын айткан.

Ошондой эле акча аппарат кызматкерлеринин, эксперттердин иш сапарлары, кагаз-калем, имараттын ичиндеги пландалган оңдоп-түзөө иштери жана башка багыттар боюнча үнөмдөлүп, парламент депутаттары жеке өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн атынан коронавируска каршы фондго акчалай жана материалдык жардам которуп жатышканын кошумчалаган.

Бүгүнкү күндө айрым маалымат каражаттарында Жогорку Кеңеш апрель айында 2 миллион сомдон ашыкча чыгымдай турганы жөнүндө маалымат тарап, парламент кескин сынга кабылууда.

18-мартта Кыргызстанда коронавирус жуккан алгачкы учур катталгандан бери 280 адам бул илдетке кабылып, төртөө каза тапты. 25-марттан 15-апрелге чейин көпчүлүк аймактарда өзгөчө абал жарыяланган. Жогорку Кеңеш да 24-марттагы кезексиз жыйынында «өлкө аймактарына чыгып, жергиликтүү тургундар арасында коронавируска каршы түшүндүрүү жүргүзүү» деген негизде 15-апрелге чейин тараган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости