www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Таиланддын жараны экинчи ирет коронавирус инфекциясын жуктуруп алды. Ал бул вирустан бир жума мурда эле айыгып, ооруканадан чыккан. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, илдетке экинчи жолу чалдыккан аял чет өлкөдөн Таиландга марттын башында келип, 12-мартта Бангкоктун ооруканасына кайрылган. Дарыгерлер андан коронавирус аныктап, бейтап шаардагы ооруканалардын бирине жаткырылган. Эки жумадан ашык дарылангандан кийин аял айыгып чыккан. Акыркы анализдери коронавирус жок экендигин көрсөткөн.

"38 жаштагы аял марттын аягында кичи мекени Чайяпхумга барып, 4-апрелде ооруп калып, кайра дарыгерге кайрылган. Медиктер андан тест алганда коронавирус инфекциясы табылган. Аял аймактык ооруканага кайра жаткырылып, азыркы тапта дарыланууда", — деп айтылат маалыматта.

Чайяпхум аймагындагы Саламаттык сактоо департаментинин башчысы Ватчира Ботпхибун бул таң калычтуу учур экенин, бирок аялдын илдети дарыгерлер жана медициналык документтер тарабынан тастыкталганын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости