www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай кыргызстанга 100 өрт өчүргүч унаа бермекчи

13-сентябрда  Кыргызстанга расмий сапар менен келген Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин мүчөсү, тышкы иштер министри Ван И менен тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков жолукту. Бул туурасында ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Айдарбеков коронавирустук инфекциянын терс таасири макроэкономикага тийип жаткандыктан өлкө бюджетиндеги тышкы карыздын жүгүн жеңилдетүүгө карата жардамдашууну өтүнгөн. Мындан сырткары, тараптар кыргыз-кытай кызматташтык маселелеринин кеңири спектри туурасында да талкуулаган.

"Алар COVID-19 пандемиясына байланыштуу ишке ашпай, аргасыз токтоп калган маанилүү эки тараптуу долбоорлордун иштешин алдыга жылдырууга өзгөчө көңүл бурушту. Кыргыздын экологиялык таза айыл чарба продукцияларын Кытайга экспорттоо маселелерине да токтолушту", — деп билдирет мекеменин маалымат кызматы.

Маектешүү учурунда Айдарбеков коронавирус менен күрөшүүдө олуттуу гуманитардык жардамдары жана туруктуу колдоосу үчүн кытай тарапка ыраазычылык билдирген.

Мекеменин маалыматы боюнча, "Сапардын алкагында "КРдин ϴзгөчө кырдаалдар министрлигинин өрттөн сактоо бөлүмдөрүнүн техникалык мүмкүнчүлүгүн бекемдөө" долбоорун ишке ашыруу боюнча Кыргыз жана Кытай өкмөттөрүнүн ортосунда алмашуу катына кол коюлду. Долбоордун алкагында өрт өчүрүүчү 100 автоунаа, авариялык абалдан куткарган атайын автомобилдик техникаларды жана  өрттөн куткаруу боюнча дагы 15 жабдуу берүү пландалууда".

Эскерте кетсек, эки арап ушул жылдын 8-сентябрынан тартып "Торугарт" көзөмөл-өткөрүү жайы аркылуу жүк ташуулардын кайрадан жанданышына канааттануусун билдирген. Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы жүк ташуулардын кайрадан жаңыланышы пандемия шартында соода-экономикалык байланыштын жанданышы үчүн негизги фактор болуп саналары да белгиленген.

Булак: NazarNews.kg



 

Последние новости