www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Сооронбай Жээнбеков 12-сентябрда КТРКнын “Биринчи радиосу” менен маегинде Орусия сыноодон өткөрүп жаткан коронавируска каршы вакцинаны алып келүү боюнча эки өлкөнүн тийиштүү органдары сүйлөшүп жатканын билдирген.

“Орусияда вакцинаны клиникалык сыноолордон өткөнүн билдирди. Орусия вакцинаны колдонууга киргизиди. Жакынкы убакытта вакцина жапырт чыгарылат деп ишенем. Биз үчүн да вакцинаны өлкөгө алып келүү абдан маанилүү. Илдетке каршы күрөшүү иш-чараларынын алкагында эки өлкөнүн тийиштүү органдары вакцинаны Кыргызстанга алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат”, - деди президент.

Белгилей кетсек, дүйнөдөгү айрым илимпоздор Орусияда даярдалган вакцинанын клиникалык сыноосуна байланыштуу күмөндүү жагдайлар бар экенин айтып чыгышкан. Белгилүү «Lancet» медициналык журналына жарыяланган ачык катта алар түрдүү эксперименттердин жыйынтыктары бирдей болуп чыкканын белгилешкен. Бул вакцинаны даярдаган Гамалея борбору мындай күмөн саноо орунсуз экенин билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости