www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда төрт жаштагы кыздын зордукталышына байланыштуу эки киши кармалды. Өлкөнүн Башкы прокуратурасы 11-сентябрда маалымат таратып, алар кыздын байкеси жана жеңеси экенин билдирген.

Жергиликтүү маалымат булактарына караганда, кыздын агасы 72 саатка камалды. Эгер зордуктоо фактысы тастыкталса, ал сексуалдык мүнөздөгү зомбулук үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылат. Кыздын жеңесине “Атайлап денеге оор зыян келтирүү” беренеси менен кылмыш иши козголду.

Эскерте кетсек, буга чейин жабырлануучунун апасы кызды кайниси зордуктаганын билдирип, арыз жазган.

Турсунзаде шаарынын жашоочусу 20-августта “Озодиге” интервью берип, төрт жашар кызы августтун башында мурдагы күйөөсүнүн ата-энесинин үйүндө болгонун айткан.

«Күйөөм менен үч жыл мурун ажырашып кеткем, ал мага алимент төлөйт. Ошондуктан кызым менен жолугушуп турууга укуктуу. Курман Айттын алдына күйөөмдүн иниси жана карындашы кызымды алып кетишкен. Кийинки күнү эле кайнатам чалып, кызым ооруп калганын айтты. Мен аны ооруканага алып бардым. Дарыгерлер операция жасашып, кызым зордукталганын айтышты», - деп билирет жабырлануучунун апасы.

Билдирүүгө караганда, Соттук-медициналык экспертиза учурунда да кызынын зордукталганы тастыкталган.

Ал эми бул окуя боюнча, келиндин кайын журту эч кандай зордуктоо болбогонун, ал өч алуу максатында ушундай окуяны ойлоп тапканын билдиришкен.

Турсунзаде шаардык прокуратурасы “16 жашка чыга элек өспүрүм менен жыныстык катнашка баруу” беренеси боюнча кылмыш ишин козгогон.

Белгилеп кетсек, Тажикстанда зордуктоо үчүн 12 жылдан 25 жылга чейин эркинен ажыратуу же өмүр бою соттоо менен өлүм жазасы каралган. Өлүм жазасына 2004-жылдан бери мораторий киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости