www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Спортчунун үй-бүлөсү 14 жаштагы кытайлык Олимпиада чемпиону Сюан Хунчхан үчүн дүйнө жүзү боюнча чогултулган 41 миллион доллардан баш тартты. Бул тууралуу чет өлкөлүк сайт жазып чыкты.
Токио Олимпиадасында сууга секирүү боюнча алтын медалга ээ болгон Хунчандын берген маегинде анын үй-бүлө мүчөлөрү өтө жакырчылыкта жашаган. Айтымында үй-бүлөөсү 4 жыл мурун жол кырсыгына учураган. Максат аларды багуу үчүн чоң акча табышы керектигин айткан.
Интервьюдан кийин жергиликтүү клиника Хунчандын энеси менен чоң атасы үчүн толугу менен акысыз медициналык кызматты сунуштаган. Ошондой эле ага бекер үй, акчалай сыйлык, оюн-зоок борбору, зоопарк жана курортко өмүр бою бекер билет, чексиз каалаган десерт берүүнү сунуштаган.
Чемпион кыздын үй-бүлөсүнө берилген жардамдын жалпы суммасы 41 миллион доллардан ашкан. Бирок Хунчандын атасы бул сунуштардын бардыгын четке кагып: «Мен жардам көрсөткөн бардык уюмдарга ыраазымын. Бирок мен алардан бир да юань албайм”, - деген.
Кызыгы Сюнчан чемпион болгондон кийин, ал жашаган үйдү көрүүнү каалагандар көбөйүүдө. Бирок жергиликтүү администрация коронавирустук инфекциянын көбөйгөнүн ырастап, адамдардын үйдүн айланасына чогулушуна тыюу салды.
Булак: NazarNews.kg