www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда депутаттар Гонконгдун улуттук коопсуздугу жөнүндө мыйзам долбоорун карай баштады. Сынчылар бул документ кабыл алынса, жарым автономиялуу аймакта адам укуктары тебелене турганын билдиришүүдө. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

Мыйзам долбоору 28-июнда Кытай парламентинин атайын сессиясында каралган. Талкуу дагы эки күнгө созулат. Документте сецессия (мамлекеттен өзүнчө бөлүнүп чыгуу), мамлекеттик бийликке баш ийбөө, чет өлкөлөр менен кутумга баруу үчүн кылмыш жоокерчилиги каралган.

Кечээ, 28-июнда мыйзам долбооруна каршы жүздөгөн киши нааразылыкка чыккан. Полиция менен кагылышуу болуп, демонстранттарды таркатуу үчүн тартип сакчылар калемпирлүү спрейлерди чачышты. Полиция 53 киши кармалганын, аларга мыйзамсыз жыйынга чогулуу айыбы тагылганын маалымдады.

Британия 23 жыл мурда Гонконгду өзгөчө укуктарга ээ, демократияга жана эркиндикке кепилдик берилген атайын аймак катары Кытайдын карамагына өткөрүп берген. Бээжин Гонконгду “бир өлкө, эки система” формуласына ылайык башкара турганын, ички саясатына кийлигишпей, кеңири автономия берерин убада кылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости