www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
30-июнда түнкүсүн Кыргызстандын аймагында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Ош, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда, Чүй, Жалал-Абад облустарынын тоолорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу аймактарда кар жаашы ыктымал, калган райондордо жаан-чачын жаабайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден күндүз 15-20 метрге жетиши мүмкүн.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;
Талас жергесинде түнкүсүн 8...13, күндүз 23…28;
Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 11…16, күндүз 27…32;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 19…24;
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 19…24;
Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -2…-7, күндүз 3…8 градус болот.
Бишкекте жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 27…29 градус болот.
Булак: NazarNews.kg