www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Америкалык чалгын Орусия менен талибдердин кутуму тууралуу маалымат ишенимдүү болбогондуктан, АКШ президентине жана вице-президентке кабарлоону эп көргөн эмес. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Буга чейин The New York Times гезити америкалык атайын кызматтардагы булактарына таянуу менен Москва Ооганстандагы АКШнын жоокерлерин өлтүрүү үчүн сыйакы алганын жазган.
Трамп бул макаланы көбүртүп-жабыртуу катары сыпаттап, New York Times фейк жаңылыктардын жардамы менен республикачыларды жаманатты кылып жатканын айткан.
Орусиянын Тышкы иштер министрлиги да ушундай эле көз карашта. Орусиянын АКШдагы элчилиги журналисттин иликтөөсү дипломаттардын дарегине коркунуч жаратып жатканын билдирген.
"Талибан" Ооганстандагы америкалык аскер кызматкерлеринин өлүмүнө Орусиянын катышы бар экенин четке какты.
29-февралда АКШ жана "Талибан" элдешүү тууралуу келишимге кол койгон. Документке ылайык, АКШ Ооганстандагы аскер кызматкерлерин 14 айда чыгарып кетиши керек. Буга жооп иретинде талибдер аймактагы террорчуларды жашырып-жаппай, ооган өкмөтү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзмөк.
Марттын башында Вашингтон Ооганстандан өз аскерлерин чыгара баштаган. Эгер талибдер келишимди бузбаса, АКШ макулдашууга кол коюлган күндөн 14 ай өткөнгө чейин аскерлерин чыгарып кетет.
Булак: NazarNews.kg